Биздин мектеп жөнүндө
Чоң-Жар айылынын Токторбаев Жумагазы атындагы толук эмес орто мектеби
Мектеп 1950-1951-жылдары орус тилдүү элдер да көп жашагандыгына байланыштуу “карлик” аталыштагы башталгыч класстар ачылган.Окутуу кыргыз тилинде жүргүлгөн 1951-1952-жылдары бала бакчага ылайыкталып 6 бөлмөлүү имарат курулат.Бирок,мезгилдин талабына шартталып 4 бөлмөлүү жайдан мектеп болуп ачылып көчүрүлгөн. Бара-бара класстар толукталып адагенде 7 жылдык кийинчерээк Шамшы 8-жылдык мектеби болуп аталып калат.1995-1996 окуу жылдарында Чүй-Токмок администрациясы бириктирилип,бардык тармакта ирилештирүү башталганда Чүй-Токмок шаардык ББ бөлүмүнө караштуу Шамшы айылындагы №21 орто мектептин филиалы болуп окуу-тарбия иштери жүргүзүлгөн.
2004-2005-окуу жылында кайра бөлүнүп чыгып өзүнчө 9 жылдык мектеп болот.
2007-жылдагы жер титирөөдөн эски дубалдары урап мектеп иш жүргүзүүгө жараксыз деп табылат.
2006-2007,2007-2008-окуу жылдарында 2 сменада окуу тарбия иштери жүргүзүлгөн.
2008-2009-окуу жылында азыркы жаңы мектеп ачылып , пайдаланууга беришет да ,Чоң-Жар толук эмес орто мектеби аталышка ээ
болот.
2014 — жылдын сентябрда мектепке Улуу Ата-Мекендик согуштун ардегери мурдагы Шамшы 8 -жылдык мектеби болуп турганда , тарых
мугалиминен баштап мектеп директоруна чейин иштеп мектепти жетектеп келген Токторбаев Жумагазынын ысымы берилет.
Мектептин ардагер мугалимдери:
1.Исаев Асранбек-биология мугалим
2.Бексултан уулу Адамкул-тарых мугалими
3.Байгазиев Ниязбек-математика мугалими
4.Токторбаев Жумагазы –тарых мугалими
5.Сулайманов Шаршен-башталгыч класс мугалими
6.Кудайбергенова Гүлжан-башталгыч класс мугалими
7.Калова Л.А.-орус тили жана орус адабият мугалими
8.Баймурзаева Сүйүн-география мугалими
9.Садыков Сарылбек-физика мугалими
Учурдагы мектептин толук аталышы :
Чоң-Жар айылындагы Токторбаев Жумагазы атындагы толук эмес орто метеби
Мектепте 13 мугалим эмгектенет
Билим берүүнун жогорку билимдүү мыктылары:
Садыкова Р.Ч.,Алымкулова А.Б.,Адамкулова К.,Койбакова А.С.,
Жогорку билимдүүлөр: Абдраимов С.А. ,Конушбаев Ш.М.,Калкожоева Н.А.,Арстамбекова М.М.,Эсенкул уулу Нурбек
Атайын орто билимдүүлөр: Абдраимова Ж.А.,Калыгулова У.С.
Сырттан жогорку окуу жайда окугандар: Джунушева Н.С., Сакыбаева Г.М.
Комментарии